11057747_719182181550606_5121829170645214485_nЖумгал жаштар борборун негиздөөчүсү эркин журналист, жаш активист жана коомдук иштерге кайдыгер карабаган инсан

МИРБЕК АСАНАЛИЕВ (2013-2014)

Коомчулук менен адам укуктарын бирдей алып жүргөн акыйкаттыкты чагылдырган, таамай сөз менен чындыкты бетке айткан инсан. Ошону менен катар жаштарды чогултуп, башын бириктирген активист.

«Журналисттер акыйкат жазыш керек, чындыкты президенттер да тебелей албайт»… М.А.

10616262_444438682389078_5069466967954414687_nУчурдагы жаштардын төрагасы, борбордун жетекчиси, изденгич, ойчул жана мыкты жаш активист

ЭРКИНБЕК МЕДЕТБЕК УУЛУ (2015)

Коомдогу жаштардын, жаңы муун менен өсүп келе жаткан муунду бирдей багытта алып кете турган жаш активист. Жумгал районунун жаштарынын башын бириктирип бир катар долбоорлорду ишке ашырып келет.

«Башкалар кетсе кетсин, мен өз элиме, өз жериме кызмат кылам»… Э.М.у.

ЖАШТАР БАР БИЗ БАРБЫЗ
IMG_9571Жумгал жаштар борбору 

Нарын облусунун Жумгал районунда райондук мамлекеттик администрациясынын алдында 2014-жылдын 2-февраль күнү Жумгал жаштар борборунун ачылыш аземи болуп өттү.

Райондун тарыхында биринчи жолу жаштар борбору ачылып, аземге Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору К.Керезбеков, жеке ишкер А.Кулбараков, медиа эксперт И.Карыпбеков, өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ч.Абдраимакунова, эстрада ырчылар жана жеке ишкер Ж.Турускулов менен бир катар коноктор келип катышты.

Жумгалда 1,5 жылдан бери райондун активдүү жаштары демилге кылып, район акими А.Исагуловдун жардамы менен жаштар борборун ачып иштеп келишкен. 1,5-жыл убакыт аралыгында аталган жаштар үйү ички жана тышкы жабдыктарын демөөрчүлөрдүн жардамы менен толукташкан.

Жаштар борбору учурда акысыз юридикалык жана социалдык кеңештерди, жаштар иштери боюнча сунуштарды берип, коомдук уктуруулар, чакан иш-чараларды уюштуруп, акция жана марафондорду өткөрүүгө катышат.

Эске салсак, Жумгал жаштар борборунун алдында «Жумгал.kg» бий студиясы, тамада борбору жана фотостудиялары иш алып барат. Ошону менен бирге райондун маалымат борбору жаштар борборунда жайгашкан.

Жумгал жаштары ыраазычылык билдирет

Жаштар үйүнө КМЮАнын ректору Канат Керезбеков жаштар борборунун ички бардык жабдыктарын алып берсе, райондон чыккан ардактуу атуул, инсандар жаштардын демилгелерин колдоп дагы керектелүүчү муктаждыктарын алып бере тургандарын билдирип келишет. Ачылыш аземинде күтүлбөгөн конок катары Жумгал районунун жаштарын колдоп Сокулук районунан жеке ишкер Момоконов Акылбек 20 миң сом жардам көрсөткөн.

Жаштар борбору учурда акысыз бир катар кызматтарды аткарышат, юридикалык жана социалдык кеңештерди, жаштар иштери боюнча кеңеш берүү, коомдук уктуруулар, чакан иш чараларды уюштуруу, акция жана марафондорду өткөрүүнү камтышат. Ачылыш аземин жаштарды колдоп эстрада ырчысы Алмаз Шаадаев баш болгон бир катар эстрада жылдыздары келишкен.

Жумгал жаштар борборунун алдында «Жумгал.kg» бий студиясы, тамада борбору жана фотостудиялары иш алып барат. Ошол менен бирге райондун маалымат борбору жаштар борборунда жайгашкан.

Урматтуу демөөрчүлөр жана бизди колдоп көмөк көрсөткөндөр сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Ар дайым ден-соолукта болуп, узак жашап уул-кыздарыңыздардын урмат сыйларын көрүңүздөр. Ишиңиздерди дайым ийгилик коштосун…

Жумгал жаштар борборунун жетекчиси: Мирбек Асаналиев (2014).

Жаштар форуму

Be Sociable, Share!