maxresdefaultТурускулов Жыргалбек Күрүчбекович

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты

Жумгал районунун ардактуу атуулу

«Кулатуу Эртаймаш»эркин күрөш  Дүйнөлүк Федерациясынын ардактуу мүчөсү

Ж.Турускулов Нарын облусунун Жумгал районунда 1975-жылдын 3-январда төрөлгөн.

VI чакырылышта ант берүүсү

Парламентте көтөргөн маселелери: 

Чакан ГЭСтер тууралуу

Сиздин депутат берүүсү Эл ТР
Эл өкүлү тууралуу:

Ж.Турускулов Нарын облусунун Жумгал районунда 1975-жылдын 3-январда төрөлгөн.

Билген тилдери: кыргыз тили – эне тили, орус тили – эркин, англис тили —  сөздүк менен

Билими:            

19821992-ж. Т.Турсунбаева атындагы орто мектеп

1992-1997-ж  Кыргыз мамлекеттик Улуттук университети.

Экономика факультети

1998-2000-ж. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик Улуттук универститети.

Юриспруденция факультети

2010-2014-ж.. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында аспирантурада билим алган. Багыты: “Атуулдук  жана үй бүлөлүк укук, кичи жеке менчик ишканалар”.

2011- 2015- ж. И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети.  Энергокамсыздоо факультети.

Иш тажрыйбасы: 1996-1998-ж. “Эмгекчил” АКнун сатуучусу

1998-2000-ж. Жеке ишкер, 1999-2010-ж. “Строй Арсенал” ишканасынын  негиздоочусу, башкы директор, 2010-2013-ж. “Чыгышэлектро”АКнын башкы директору, 2013-2015-ж. Коомдук ишмер, өндүрүшчү. 2015-ж.  Жогорку Кенештин VI чакырылышынын депутаты. “Республика Ата-Журт”  фракциясы.

Кызыгуулары: заманбап технологиялар, бодибилдинг, футбол жана аңчылык

Үй бүлөлүк абалы: үй бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы

Кесиби:  Экономист, юрист, коомдук ишмер, энергетика тармагындагы эксперт.

Коомдук иштери:

  • 2003-ж. Байзак айылына Байзак баатыр күмбөзү тургузулган.
  • Жыл сайын Байзак баатырга арналган басылмалар чыгарылып турат.
  • Тарыхчылар менен биргеликте Байзак баатыр таржымалы мектеп программасына киргизилди.
  • 2014-ж. Кыргыз тарыхы китебине Байзак баатыр эмгеги киргизилди.
  • Режиссер Э.Абдыжапаров тарта турган “Шабдан баатыр” тасмасына, тарыхчылар менен биргеликте Байзак баатыр катышкан эпизоддор киргизилди
  • Жыл сайын Байзак баатыр атындагы ат оюндары өткөрүлүп келет.

Жаштарды сергек жашоого үндөө максатындагы аракеттер:

  • 2005-ж. Байзак айылына бодибилдинг, күрөш жана таэквандого ылайык жабдылган спорт зал ачылган.
  • Таш-Дөбө айылдык орто мектебинин спорт залын оңдоп түзөөгө курулуш материалдары берилген.
  • Чаек айыл өкмөтүндөгү спорт залды оңдоп түзөтүүгө демөөрчүлүк кылган.
  • Чаек шаарчасындагы Т.Турсунбаева атындагы мектептин спорт залынын полун алмаштырылган.
  • Жаштар арасында, волейбол, футбол боюнча байма бай турнирлерди өткөрүүнү салтка айлантуу
  • Ак-Талаа районунун Терек айылындагы орто мектебине, Жумгал районундагы Баш кууганды айылынын спорт залына күрөш килемдерин спорттун бокс түрү боюнча шаймандары алынып берилген.
  • Жерге-Тал айылынын жаштарына спорттук кийимдер жана жабдыктар алынып берилген
  • Тайлак баатырдын элесине арналган футбол турнири өткөрүлдү
  • Шырдакбек хандын элесине арналган волейбол боюнча турнир өткөрүлдү
  • Баетов айылынын Тайлак баатыр атындагы спорт залына курулуш материалдары бөлүнүп берилди
  • Тайлак баатырдын элесине арналган эркин күрөш боюнча Республикалык турнирге демөөрчүлүк жардам көргөзүлүп келет
  • Тайлак баатыр спорт залынын жылытуу түйүнүн курууга көмөк көргөзүлгөн
  • Чолок Кайын айылындагы Рыскелди уулу Тураттын элесине арналган курөш залын негиздеген жана жыл сайын спорттук мелдештер өткөрүлүп келет.

Билим берүү тармагын өнүктүрүүгө карата көргөзүлгөн иш аракеттер:

  • Чаек шаарчасындагы Т.Турсунбаева атындагы орто мектептин биология классын толугу менен жабдылган.
  • Т.Турсунбаева мектебиндеги эшиктерди жана полду алмаштырылган.
  • Т.Турсунбаева мектебинин жылуулук системасын калыбына келтирилген.
  • Ак-Талаа районунун Кара Бүргөн айылдык мектебине китеп текчелерди алынган.
  • Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы мектепке жылуулук системасын оңдоп түзөтүүгө демөөрчүлүк кылган.
  • Баетов айылындагы М.Барашов атындагы №40-кесиптик лицейине электр насосу алынып берилген.
  • Үгүт айылындагы орто мектеп окуучулары жетишпеген окуу куралдары менен камсыздалган.

Маданият тармагындагы коомдук иштер:

  • Жумгал районунда эл аралык музыкалык фестивалды уюштурууга активдүү катышып келет.
  • Райондук жаш таланттардын өнөрүн өркүндөтүүгө салымын кошуп келет.
  • Жумгал жаштар борборунун ачылышына жардамдашып келет

Ыйман жолунда

  • Чаек борбордук мечитин ондоп түзөөгө демөөрчүлүк кылып келет.
  • Баш куугандыгы мечитке килем алып берген
  • Ак-Талаа районундагы борбордук мечиттин түптөлүшүнө курулуш материалдары менен жардам берген.

Экология тармагындагы иш-аракеттер:

  • Аймактарда ишембиликтерди уюштуруп келет.
  • Чаек айылынын М.Алыбаев жана Т.Турсунбаева атындагы мектептерине, Аксакалдар кеңешинин имаратына ,№26 кесиптик окуу жайына 200 түп алма, өрүк, 30 карагай отургузулган.

Балдарга жана бөбөктөргө камкордук:

  • Жумгал районундагы 1-июнь эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата “Нур-булак” балдар үйүнө жана бала бакчаларга каржылай жардам берилген.
  • Ак талаа районунун Кадыралы, Кош-Дөбө, Коңорчок, Байгончок, Баетов айылдарынын бала бакчаларына 40 эки кабаттуу керебеттер белекке берилген.
  • Баетов айылдык бала бакчасына курулуш материалдары берилген

Коопсуздукту коргоо жаатында:

  • Жумгал райондук Ички иштер башкармалыгынын имаратын оңдоп түзөөгө демөөрчүлүк кылган.
  • Аймактагы ачык подстанцияларды бекемдеп, жаптырып, жергиликтүү тургундардын коопсуздугуна кам көрүлгөн.

Тазалык жаатында

Мончо салынган.

Энергетика тармагында

  • Нарын областындагы тургундарды жарык менен камсыздоодо трансформаторлорду койдуруу.
  • Жумгал районунун бардык айылдарындагы борбордук көчөлөрү заманбап электрочырактар менен жарыктандырылган. 
Be Sociable, Share!