IMG_0185Нарын облусунуну Жумгал районунун Кара-Кече аймагында көмүр отунун өндүрүп жаткан «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалында көмүр казуу кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган аймака барып келген кабарчыбыз жеринен маалымдайт.

Жыл жаңыргандан бери алгылыктуу иш алып баралбай жаткан Кара-Кече филиалы учурда кызуу иштеп жатат. Бул мезгилге 10 миң тонна көмүр отунун өндүрүп Бишкек жылуулук берүү ишканасына толук кандуу жеткирип учурда каражат маселесин күтүп жаткан кездери.

«Кара-Кече филиалы эми 3 күндөн кийин кайра жабылып тазалоо иштери башталат. Азыркы учурда жалпы 10 миң тонна көмүр отунунун казып чыгардык. Буга чейин белгилүү болгондой каражаттын жоктугунан жана техникаларга күйүүчү майдын кемчилигинен иш солгундап кеткен. Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасы мамлекеттик ишкана болгону менен толук кандуу иш алып барбай жатышат» — деп билдирди ал жердеги көмүр казуучулар.

Ал эми көмүр жүктөөгө кезек күткөн айдоочулар бул жерде алды 16 күндөн бери болсо, аркасы 3 күндөн бери кезек күтүп жаткандарын билдиришти.

IMG_0263 IMG_0247 IMG_0233 IMG_0226 IMG_0200 IMG_0199 IMG_0195 IMG_0185

Be Sociable, Share!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.