FILE0423Нарын облусунун Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы Шатман Садыбакасов атындагы орто мектебинде “Чынгыз Айтматов – адам жана аалам” деген  конференциясы болуп өттү. Бул тууралуу «Жумгал kg» маалымат булагынын кабарчысы Медетбек уулу Эркинбек иш чарага катышып келген.

Кыргыз элинин чыгаан уулу дγйнө жγзγнө аттын кашкасындай таанымал. Улуттун сыймыгы болгон жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, Нарын облусу тарабынан атайын жарыяланган бир айлыктын алкагында Жумгал районунун орто мектептеринде да атайын иш чаралар өтүп келет.

Жумгал райондук билим берүү бөлүмү тарабынан райондун ар бир орто мектептеринен 2 мугалим 2 окуучудан Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык маарекесине арналып өткөрүлгөн конференцияга катышышты. Мааракелик иш-чара Ш.Садыбакасов атындагы орто мектебинин мугалимдери тарабынан уюштурулду.

Конференцияда Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдө чыгармалары, көп окулган китептери, “Жамийла”, “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу”, “Кылым карытар бир күн”, “ Ак-Кеме”, “Тоолор кулаганда романы” жана көптөгөн чыгармалары окуучулар тарабынан көркөм окулуп, докладттар кылынды. Ошол менен бирге мектеп окуучулары тарабынан Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына карата атайын спектакль жана чакан концерт тартууланды.

Конференция аягында Баш-Куугандын айылынын кулуну Максат Сайнидыков тарабынан уюштурулган атайын  кийизден жазалган кол өнөрчүлүк жарменкеси, сүрөттөрү көрсөтүлдү.

FILE0254 FILE0269 FILE0300 FILE0498

Be Sociable, Share!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.