IMG_0688Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл аймагынын жаштар борборунда ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу менен балдарды эрте жаштан өнүктүрүү программасынын негизинде районубуздун балдар бакчаларынын башчыларын жана тарбиячыларын атайын окуутуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Байзак айыл аймагынын башчысы Адыл Сапаров билдирди.

Маалыматка карасак, окуунун жүрүшүндө бала-бакчаларда балдарды кандай багытта тарбиялоону жана аларга кандай үлгү болууну, ошол менен бирге келечекте дагы кандай максаттарды ишке ашыруу менен кезекте турган балдарды кабыл алууда дагы бала бакчалардын жетишсиздиги туурасында орчундуу көйгөйлөрдөн кантип арылууну үйрөнүшүүдө.

«Окуу практика жүзүндө жүргүзүлүп, айылдагы балдар бакчаларында да болуп жатышат. Бул окуу семинардын жүрүшүнөн соң Байзак айылында 100 орундуу бала бакча ачылганы турат» — дейт А.Сапаров.

IMG_0687 IMG_0690

Be Sociable, Share!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.