a6bcc28e7696c427dc441d2bb1b29595Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Урмат Рыскелдиев АКШнын Калифорния штатындагы Лос Анжелес шаарында Кыргызстандын атынан бокс боюнча жекеме-жеке мелдешке чыгат. Бул тууралуу бокс боюнча Жумгал райондук федерациясынын президенти Райымбек Токонбаев билдирди.

20 сентябрь 2013-жылы саат 19:00да Лос Анжелес шаарынынын борбордук бокс аянтында, Урмат Рыскелдиевтин жекеме-жеке беттешүүсү күтүлөт. «Жаш боксердун бул жолку таймашы АКШдагы профессионалдар арасында биринчи жолу болуп жаткандыгын белгилейбиз» — дейт Райымбек Токонбаев.

Жекеме-жеке беттеш ар кыл салмактагы боксерлор арасында өтүп таймаш 4 раундтан болот деп кошумчалады ал.

Be Sociable, Share!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.