E4ABF9FF-D9BA-4CC2-B637-0034A629A174_mw1024_n_sМындай маалымат Нарын облустук Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынан алынгандыгын «Жумгал KG» маалымат булагы кабарлайт.

Маалыматка карасак, учурда Кытайдын ТВЕА энергетикалык корпорациясы тарабынан 163 кытай жараны Жумгал районунун аймактарынан өтө турган «Датка-Кемин» подстанцияларын жана электр линияларын куруу иштерине тартылып иштеп жатышат.

Аталган компания тарабынан келген Кытай жарандары учурда Жумгал районунун Ак-Татыр, Баш-Кууганды айылдарында жана тоо этектерде жашап келишет. «Датка-Кемин» подстанцияларын жана электр линиялары болуп 500 кВ чыңалуудагы электр тармактары тартылып, кийин 600 жаран ишке тартылат.

Эске салсак, Жумгал районунун аймагына Кызарт айылынан, Сарыкамыш айылын көздөй, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна чейин чыңалуу линиясы тартылат, жалпысынан болжолдуу 240 чакырым жерде иштер жүрөт.

Be Sociable, Share!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.