P7290523Кечээ, 29-июлда Бишкек шаарында болуп жаткан медиа-инновациялар лагери тандалып алынган 19 журналисттин ичинен мыкты 7 журналисттин жазган долбоорун карап, ар бирине 2 миң доллардан турган техникалык жабдык беришти. Бул тууралуу аталган окуу-семинарына биздин маалымат булактан башкы редактор барып катышкандыгын билдиребиз.

Буга чейин белгилүү болгондой, Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби тарабынан уюштурулган медиа-инновациялар лагери 24-29-июль күндөрү аймактардан тандалып алынган басма сөз ЖМКлардын жана онлайн-басылмаларынын журналисттерине окуу өтүшкөн.

Орусиядан, Украинадан, Казакстандан жана Кыргызстандан эл аралык медиа-эксперттер алты күндүн ичинде журналисттик окутууларды үйотүшүп, жыйынтыгында журналисттер алган билимдерди толук кандуу ишке ашыруу үчүн «Идеялар парады» сынагы ойнотулуп, анда 7 журналист техникалык көмөктөн жардам алышты.
Анда Ош облусунан «Данек», Жалал-Абад облусунун «Аймак.kg», Бишкек шаарынан «Финансист», Исфана шаарынан «СулейИнфо», Сүлүктү шаарынан «Шахтёр жолу» гезиттери, Ош шаарынан «Акипресс-Ош» жана Нарын облусунун Жумгал районунан «Жумгал KG» маалымат порталдары ар бири 2 миң долларлык техникалык көмөктөн жардам алышты.

Эске салсак, долбоор «Арачылардын Элдештирүүчү Тармагы» коомдук фондунун, Сорос-Кыргызстан фондунун жана АКШдагы Демократияны илгерилетүү улуттук институтунун (NED) «ЖМКны колдоо» программасынын каржылоосунун алкагында ишке ашырылган.

P7290523 P7290526 P7290527 P7290539

Be Sociable, Share!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.