nalogi_1Жумгал районунун мамлекеттик бюджети 2013-жылдын 6 айына кирешелердин планы такталган планга салыштырганда 100,5 % аткарылып, же план 50 266,1 миң сом болсо, 50 499,3 миң сом нак түшүп, жалпы 233,2 миң сомго көп түшкөн. Анын ичинен республикалык бюджет 97,8 %,  жергиликтүү бюджет 108,2  % аткарылды. Бул боюнча маалымат райондун 1-жарым жылдыгында белгилүү болгондугун «Жумгал KG» маалымат булагы кабарлайт.

2013-жылдын 6 айында  жергиликтүү бюджеттин такталган планы 13011,5 миң сом болсо аткарылганы 14082,0 миң сомду түзүп, аткаруу көрсөткүчү 108,2 % жеткен. Жеригиликтүү салыкка коюлган пландын аткарылышын камсыздай албай калган айыл округдары боюнча алып карасак төмөндөгүдөй:

Түгөл-Сай айыл өкмөтү  50,8 %, Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтү  67,5 %, Миң-Куш  айыл өкмөтү 68,5 %, Чоң-Дөбө айыл өкмөтү  76,8 %, Баш-Кууганды айыл өкмөтү  78,3 %, Жаңы-Арык  айыл  өкмөтү  — 80,0 %, Жумгал айыл өкмөтү  81,1 %, Чаек айыл өкмөтү 95,5 %, Таш-Дөбө айыл өкмөтү 133,2%, Куйручук айыл өкмөтү 134,2 %, Көк-Ой  айыл өкмөтү 137,3 %, Кабак айыл  өкмөтү  164,8 %, Байзак айыл өкмөтү 252,5 % планынан ашык аткарышкан.

Ошол менен салык чогултууда, бир катар кемчиликтер менен райондогу көмүр казуучу ишканалардын салыка  болгон  карыздары орун алган: — Анда  “Кыргыз көмүр” МИ — 1983,0 миң сом, “Шарбон” ЖАК — 2498,6 миң сом, “Борбор Азия көмүр”  ЖАК – 951,6 миң сом, “АГК Тоо инвест”ЖЧК — 25,2 миң сом, “Нарын көмүр” ЖЧК — 1040,8 миң сом, “Бусурманкул-Т”  ЖЧК — 3823,3 миң сом, “Пандж Шер”  ЖЧК —  19,3 миң сом, “Демилге ЛТД” ЖЧК — 2,1 миң сом, “Жумгал суу курулуш” ААК — 34,7 миң сом жалпы — 10378,6 миң сом карыз болуп турушат.

 

Be Sociable, Share!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.