FILE0093Нарын облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын адистери тарабынан Соң-Көл жайлоосундагы малдарга ветеринардык клиникалык кароо жүргүзүп келинди.

Бул тууралуу маалымат Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынан алынгандыгын «Жумгал KG» маалымат булагы кабарлайт.

2013-жылдын 21-22-июль күндөрү Жумгал райондук ВФКМИ башчысы Н.Шамырканов, башкы адиси Н.Кубакаев, ветеринардык адис Ш.Жунушалиев, вет сервис К.Карымшаков, вет сервистин мүчөсү Д.Жекшенбек уулу Соң-Көл жайлоосундагы Жумгал районунун Жаңы-Арык, Куйручук, Чаек, Кызыл-Жылдыз айыл аймактарына тиешелүү болгон Чоң-Карабулак, Сары булактын оозу, Бозала, Карадөбө, Шор, Үңкүр таш, Кара-Кеченин сайы, Кочкордун кыркын сарайы деген аймактарында жайылган малдарга клиникалык байкоо жүргүзүшкөн.

Мындан 10-15 күн мурда жаан жаагандан кийин козу улактар ичтери кооп, ооздорунан шилекей, көбүк агып, ичегилеринде жел толуп, оттору чоңоюп өлгөндүктөрүн мал ээлери айтышты. Мал ээлери жайытта уулуу чөп бар деген тыянакка келишүүдө. Жумгал району боюнча мал ээлеринин айтуусуна караганда 153 баш козу-улак кырылган.

FILE0123«Соң-Көл жайлоосунда уулуу чөп өскөн жайыттар бар экендигин, уулу чөп жай айларында, өзгөчө жаан чачын убагында же шүүдүрүм мезгилинде күчүнө келип, мал жесе ууланып өлөөрүн айрым малчылар жакшы билишкен эмес, же билсе дагы этибарга алышкан эмес. Жаан чачын июль, август айларында болуп, чөп бышкан кезде уулуу чөп күчүнө келип калган учур болот» — дешет адистер.

Соң-Көл жайлоосундагы Ак-Талаа, Жумгал районунун мал баккан малчыларына жаан-чачында жана шүүдүрүм убакта уулуу чөп баскан жайыттардын чөбүн жайыт катары пайдаланууга болбой тургандыгы жөнүндө түшүндүрүлүп жана малдарды башка жайытка которуу тууралуу көрсөтмөлөр берилген. Жайыттарды которуп пайдалангандан баштап козулардын өлүмү катталган жок.

Козу-улактар ууланып өлгөн жайыттардан чытырга окшогон чөптөр алынып келинип, лабораторияга текшерүүгө жөнөтүлдү.

Соң-Көл жайлоосундагы малдар бүгүнкү күнгө карата жугуштуу «шарп», «күл» жана башка ылаңдардан таза экендиги билдирүүдө айтылган.

 

Be Sociable, Share!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.