IMG_0031Жумгал  районундагы   калктуу  конуштарды  таза  суу менен  камсыз  кылууда   Азия  өнүктүрүү  банкы  жана  Дүйнөлүк  Банк  тарабынан  каржыланган  Жумгал районунун 13  айылында  таза  суу менен  камсыз  кылынган.

Жумгал районунун 1 жарым жылдык отчетунда белгилүү болгондой, бүгүнкү күнгө жогоруда  көрсөтүлгөн   айылдардын  арасында  Башкууганды, Кабак  айыл өкмөттөрү  көйгөйлүү  болуп турууда, аталган  айылдардын таза суу камсыз кылуучу булактарынын көзү туура эмес тандалгандыгына байланыштуу  кайра  оңдоо алдында  турса, айрым айылдарда таза-суу түтүктөрүнүн айрым суу чыгаруучу жабдыктары тонолуп жана жарактан чыгып калган.

Мындан тышкары 5% насыяны Байзак айыл округу толугу менен төлөп кутулса, учурда калган айылдар үстөк  пайыздарын төлөөдө. 2012-2013-жылдары 2-транш менен Түгөл-Сай айылы кирип 26 млн 132 миң сомго  курулуп 35 суу чоргосу ишке киргизилди. 

2013-жылдын 6-айдын жыйынтыгы менен  район боюнча ИСКАКБлар (Ичүүчү сууну камсыздап алып баруучулар коомдук бирикмеси) тарабынан 1 млн 107 миң сом  чогултула  турган  болсо, анын 805 миң сому чогултулуп дагы 302 миң сому  чогултулбай  калган  же  пайыздык өлчөм менен айтканда 78,2 % түзгөн.

 

Be Sociable, Share!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.