3255Нарын облусунун Жумгал районундагы Эркинбек Матыев атындагы Жумгал аймактык ооруканасы 2013-жылдын 1-жарым жылдыгында тендер өткөзүшүп бөлүмгө 1 млн 178 миң 784 сомго дары-дармек сатып алышкан. Бул тууралуу аталган оорукананын 1-жарым жылдык отчетунда белгилүү болгондугун «Жумгал KG» маалымат булагы кабарлайт.

Маалыматка карасак, дары-дармектен тышкары 304 миң сомго медициналык аппаратуралар болуп «кардиомонитор» «инфузомат», «отсос» ж.б жабдыктар менен толукталган. Оорукананын ар бир бөлүмүндө косметикалык оңдоо иштери 40 миң 500 сомдон жүргүзүлгөн.

Оорукана бул жылы 85 койка менен иштеп, 2013-жылдын 6 айына 1188 оорулу жатып дарыланса, 2012-жылдын 6 айына 1469 адам дарыланган, бул жылы 281 оорулууга аз жаткарылган. Ошондой эле ооруканага акушер-гинеколог, неонтолог, педиатр, хирург дарыгерлери жетишпей келет.Эске салсак, ооруканада адистештирилген стационардык жардам көрсөтүүдө 132 медициналык жана чарба кызматкерлери эмгектенишет. Анын ичинен саламаттык сактоонун 14 ардактуу кызматкери эмгектенет.

 

Be Sociable, Share!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.