1354040159_bezrabotny-eНарын облусунун Жумгал районунун эмгек, миграция жана жаштар бөлүмү «Жумгал KG» маалымат булагына билдиргенине караганда, 2013-жылдын 1-жарым жылдыгына карата район боюнча 1213 адам жумушсуз катары каттоодо турат, алардын 527 аял жолдоштор.

Жумушсуздарды акы төлөнүүчү коомдук жумушка тартып райондук социалдык мекемелеринин ремонтуна, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү менен жашылдандыруу иштерине 277 адам убактылуу иш менен камсыздалган.

Ошол менен аталган бөлүм Миң-Куш айыл аймагындагы №24 проф.лицейине 10 жумушсуз жаранды жана Бишкек шаарындагы №98 профлицейине 38 жумушсуз жарандарды окутууга жетишкен. Окууга барышкан жумушсуз жарандар газоэлектросварщик , компьютер, мобилдик телефон оңдоо, дизайн, бухучет 1С, парикмахер кесиптерин окуп келишкен.

Эске салсак, Жумгал районунун эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүндө 6 штат менен кызматкерлер эмгектенип келишет.

 

Be Sociable, Share!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.