128708863Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнө караштуу Мидин Алыбаев атындагы орто мектептин спорт залынын ремонтун аткарууга Чаек айыл өкмөтү тарабынан тендер жарыяланды. Бул туурасында «Жумгал KG» маалымат сайтына айыл өкмөттүн башкы эсепчиси Гүлбара Кармышакова билдирди.

Анын маалыматына карасак, аталган орто мектептин ремонтуна 1 млн 550 миң сомдук жумушту аткаруу болгон. Тендер 26-июль күнү Чаек айыл өкмөтүнүн имаратында саат 16:00 дө өтөт.

Эске салсак буга чейин жарыялангандай: Жумгал районунун Чаек, Жумгал, Жаңы-Арык, Байзак айыл өкмөттөрү кышкы көмүр отунуна тендер жарыялашкан. Көмүр сатып алуу үчүн жарыяланган тендер 25-июль күнү Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөрүлөт. http://jumgalrma.kg/?p=3936

 

Be Sociable, Share!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.