IMG_5104Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну маданияттын мыкты кызматкери К.Акиев атындагы Жумгал музыкалуу драма театрынын солисти жана актрисасы Гүльназ Бусурманкулова комузда, ооз комузда ойноо чеберчилиги менен таанымал, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, ал 1973-жылы туулган. 1994-жылы Б.Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр искусство институтуна тапшырып, аны 1998-жылы аяктаган.

Ал жактан фольклор боюнча көркөм жетекчи тармагын бүтүргөн. Ошол эле жылы Жумгал районуна келип, Жумгал драм театрына ишке кирип, ошондон бери бул театрда эмгектенип келет.

Көптөгөн кароо-сынактарга, алсак «Оболо кыргыз кайрыгы», «Айыл таланттары», «Актерлор ырдайт» жана башка кароо-сынак, фестивалдарга катышып, ийгиликтерди жаратып келген.

Гүлназ Бусурманкулова 2013-жылы «Маданияттын мыкты кызматкери» наамын алган.

IMG_0527IMG_0524IMG_0520IMG_0518IMG_0517

Be Sociable, Share!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.