IMG_8154Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак айылына жана Жумгал токой чарбасына тиешелүү болгон жалпы аянты 8,4 га жер аянтын Тогуз-Торо району талашууга эч кандай укуктары жок, деп билдирди бүгүн, 21-июнда Нарын аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын башчысы Болотбек Калыбек уулу.

Анын маалыматында, Жумгал токой чарбасына тиешелүү 5446 га жана райондун Кабак айыл аймагына тиешелүү 2964 га жайыт жери 1947-жылдары тартып административдик чек менен Жумгал районуна карап келет. Жалпы 8410 га жерди Тогуз-Торо районуна (Казарман) мурунку Киров колхозуна жайыт жер катары 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген. Анын мөөнөтү кийин 1994-жылы бүтүп кайрадан Кабак айыл өкмөтүнө өткөрүлгөн.

«Бул боюнча бүгүнкү күндө 5446 га жери токой чарбасына тиешелүү болсо, калганы Кабак айыл өкмөтүнө тиешелүү жер. Департаменттен түзүлгөн комиссия курамына Жумгал, Тогуз-Торо райондук токой чарбасынан, райондук мамлекеттик администрациясынан жана биздин департаменттен да адистер катышып комиссия түзүлүп жеринде тактоолор жүрүп аталган аймак Жумгал районуна тиешелүү экендиги аныкталган. Бирок ага карабастан түндүк-түштүк алтернативдик унаа жолу кетип жаткандыгынан жер талашуу башталып, үчүнчү күчтөр өз кызыкчылыктары үчүн чуркап келишет». — деди Б.Калыбек уулу.

Ал кошумчалагандай, бул аймактар Жумгал токой чарбасына тиешелүү болгон жана дагы да боло бермекчи. Мыйзамдуу жерди Тогуз-Торо району талашууга эч кандай укуктары жок, — деди ал.

алаш жер Жумгал Тогуз Торо (5) алаш жер Жумгал Тогуз Торо (1) алаш жер Жумгал Тогуз Торо (2)

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

алаш жер Жумгал Тогуз Торо (6)

Be Sociable, Share!

Comments are closed.