OLYMPUS DIGITAL CAMERA

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Нарын облусундагы Жумгал районунун Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолу өтө турган аймагындагы жер аянттарын капталдан талашуу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Жумгал токой чарбасынын кызматкерлери айтып чыгышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалыматта айтылгандай, Жумгал районунун түштүк-батыш тарабында 60 чакырымда жайгашкан Карман-Түз аталыштагы 5446 гектар жер аянтын Жалал-Абадга караштуу Тогуз-Торо районунун бийлиги мыйзамсыз талашып жатат.

Аталган 5,4 гектар жер аянтты 1947-жылдан бери Жумгал токой чарбасы пайдаланып келет. Ал аймактан курулушу жүрүп жаткан Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолу өтөт.

«Бул жердин чыры альтернативдүү унаа жол курулуп башталганда гана козголду. Эки райондун элинин ортосуна бүлүк салып, жер талашкысы келген үчүнчү күчтөрдүн бул аракеттерин токтотуубуз керек. Бардык иш мыйзам чегинде гана  жүргүзүлүшү зарыл. Бул аймак атайын картада да белгиленип, Жумгал районунун жери деп турат. Бардык иш кагаздар далил катары көрсөтүлгөн. Бирок, айрым жетекчилер жеке кызыкчылыгын көздөп жатат. Муну тез арада токтотуубуз зарыл», — дешет Жумгал токой чарбасынын кызматкерлери. 

алаш жер Жумгал Тогуз Торо (1) алаш жер Жумгал Тогуз Торо (2) алаш жер Жумгал Тогуз Торо (3) алаш жер Жумгал Тогуз Торо (5) алаш жер Жумгал Тогуз Торо (6)

Be Sociable, Share!

Comments are closed.