IMG_8305Нарын облусунун Жумгал районунда бүгүн, 23-июнда Кыргызкөмүр мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалында атайын жыйын болуп, анда жаңы дайындалган жетекчилерди кабыл албайбыз деген талаптарын койгон кызматкерлер чогулушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка карасак, Кара-Кече коргоо комитети менен 50гө чукул кызматкерлер Кыргызкөмүр мамлекеттик ишканасынын жаңы дайындалган убактылуу генералдык директору Таалайбек Бокешовдун дайындалышы менен Кара-Кече филиалынын директору кылып жаңы дайындалган Адылбек Кадыровго каршы болуп чыгышты. 

Алардын талаптары болуп, бардык жетекчилер кызматка сынактын негизинде өтүшүн жана буга чейин иштеп жатышкан жетекчилерге бейкүнөө жерден иш козгоп, аларды кызматтан алышына нааразычылыктарын билдиришти.

Кара-Кече коргоо комитетинин төрайымы Алтын Түлөбаева Кыргызкөмүр мамлекеттик ишканасына мурда Кара-Кече кенин (Беш-Сары) талкалап тоноп кеткен деп атыккан Камчыбек Жолдошбаевдин кадрлары кайрадан келгенин баса белгиледи.

«Иш жакшы жүрүп, мамлекетти көтөрүп жаткан жетекчилерди кызматтан жөн жерден алышты. Учурда Кара-Кече кенинде май жок, иш токтоду. Мурдагы Беш-Сары кенин талкалаган К.Жолдошбаевдин кадры жетекчи болуп келди. Эми кенге кан соргуч Бакиевдин келгени деп эсептейбиз. Бул жерде саясий оюндар болуп жатат. Биз Кыргызкөмүргө бардык, депутат М.Мискенбаевге бардык алар бизди уккан жок, бардыгын бейкүнөө күнөөлөдү», — деди А.Түлөбаева.

IMG_8297 IMG_8303 IMG_8305 IMG_8306 IMG_8307 IMG_8311 IMG_8313 IMG_8320 IMG_8322 IMG_8325

Be Sociable, Share!

Comments are closed.