b9223b4b7ba9d230c9c0e8e87f81be91 (2)Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылында бүгүн, 23-июнь күнү түнкү саат 02:15 чамасында жол кырсыгы катталып, анын бири каза болду. Бул тууралуу маалымат Жумгал РИИБнен алынды, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Маалыматка карасак, райондун аймагындагы Кочкор-Арал унаа жолунун 131-чакырымындагы Гүлжамал Кудабаеваге тиешелүү болгон «Мицубиси-Поджеро» үлгүсүндөгү мамлекеттик номер В5543 АР автоунаасын ушул эле райондун Кызыл-Жылдыз айылынын Т.Осмоналиев көчөсүнүн №26 үйүнүн тургуну 1.10.1999-жылы туулган Н.Э күн батыштан күн чыгышты көздөй башкарып келе жатып, рульга ээ боло албай, жолдон чыгып кеткен.

Натыйжада унаанын ичиндеги Кызыл-Жылдыз айылынын тургундары, мектеп окуучулары болгон 1999-жылкы Э.у.А, Ж.у.Н жана Т.у.М жол кырсыгы болгон жерден денесинен оор жаракат алып райондук ооруканага жеткирилген. Жабырлангандардын бири 12.01.2000-жылы туулган Т.у.М алган жаракатынан эсине келе албай каза болгон, автоунаа материалдык чыгым келтирилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Be Sociable, Share!

Comments are closed.