IMG_8342Нарын облусунун Жумгал районунун борбору болгон Чаек айылындагы унаа жолу мындан 7 жыл мурда салынып, бирок 1 жыл өтпөй талкаланып ашмалтайы чыгып калган жол, учурда кейиштүү абалда. Мындай пикирин жергиликтүү тургундар кабарлашты, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалыматка карасак, бул унаа жолу 2009-жылы КР Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан 24,7 млн сомго курулган. Курулган жылдан тартып, 1 жыл өтпөй 2010-жылы талкаланган. Ошол кезде жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары кабыл албай тургандыктарын айтуусуна болбой, кабыл алдыртууга түртүшкө.

Жолдун абалы учурда мышык ыйлай турган акывалга кептелди. Учурунда 112-117 чакырымындагы жалпы 5 чакырым унаа жолун Ысык-Көлдүк «Жолчу» ЖЧКсы курган.

«Эми минтип чуңкурдан аңгекке качып отуруп калган айдоочулар, жол кырсыгы жалаң ушул талкаланып тамтыгы чыгып калган жолдун азабынан болуп жатат. Чаектиктер ушул жолдун акыбалын көргөн эл өкүлдөрүнөн жасап берүүсүн жана каражат бөлүүсүн үмүт кылабыз». — дешет тургундар.

IMG_8327 IMG_8334 IMG_8337 IMG_8341 IMG_8344 IMG_8345

Be Sociable, Share!

Comments are closed.