IMG_8282Нарын облусунун Жумгал районунда кечээ, 22-июнда артыкчылык күбөлүк алган мыкты окуучулар жана жалпы тестирлөөдө жакшы балл алган окуучулар кызыл килем үстүндө басышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка карасак, Жумгал району боюнча 9-классты артыкчылык күбөлүк менен жалпы 22 окуучу бүтүргөн. Ал эми жалпы тестирлөөгө 384 окуучу катышып, алардан эң алдыңкы баллды алган 3 окуучу болуп Миң-Куш айылынан А.Ибраимов мектебинин окуучусу Айдана Айбекова 206 балл алса, Чаек айылынан Т.Турсунбаева мектеп гимназиясынан Алишер Калыков 204 балл жана Жоодат Абышов 201 балл алышкан.

Бул окуучуларга район акими А.Сапаров өз колу менен күбөлүктөрүн жана сыйлыктарын тапшырды. Андан тышкары Кытай эл республикасына окууга жолдонмо алган айрым окуучуларга сертификаттар ыйгарылды.

IMG_8258 IMG_8260 IMG_8263 IMG_8267 IMG_8269 IMG_8282 IMG_8285 IMG_8290 IMG_8294

Be Sociable, Share!

Comments are closed.