IMG_8182Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылына бүгүн, 20-июнда ЖК алдындагы транспорт жана жол куруу, архитектура боюнча комитети түндүк-түштүк алтернативдүү унаа жолунун курулуш иши менен жеринде таанышышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Ага, ЖК депутаттары Алмазбек Токторов, Тынчтыкбек Конушбаев, Калдарбек Баймуратов, Марат Аманкулов, Сайдолимжан Джураев, Бактыбек Сыдыков, Эмиль Токтошев, Жусун уулу Алтынбектер жана КР Транспорт жана коммуникация министрлигинин, токой чарба башкармалыгы жана мамэкотехинспекциясынын өкүлдөрү келип катышууда. Ошондой эле жол куруудагы Транспорт министрлигинин алдындагы долбоорлорду чийүү боюнча институттун өкүлү Кубанычбек Мамаев катышууда.

Алгач делегация райондун Арал, Өрнөк айылдарында жүрүп жаткан жол курулуштары менен Көкө-Мерен дарыясы ташып алып кеткен унаа жолунун абалын карап чыгышты.

IMG_8167 IMG_8169 IMG_8172 IMG_8175 IMG_8181

Be Sociable, Share!

Comments are closed.