13474255_831305937004896_718049414_nНарын облусунун Таш-Дөбө айыл аймагында АРИС уюмунун коомчулукту өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу долбоору боюнча жайлоого барчу унаа жолдоруна атайын 5 көпүрө түтүгү салынды. Бул тууралуу айыл өкмөтүнөн Айбек Нуркожо уулу билдирди.

Анын маалыматында, ага жалпы 128 миң 620 сом сарпталган. Анын 10 миң сомун өздүк салым катары айыл өкмөтү жана тургундар чыгарышкан. Жалпы сумманын ичинен 37 миң сом жумушчуларга берилсе, калганына атайын керектүү шаймандар, түтүктөр алынып келинген.

Учурда тоого барчу жолдор калыбына келтирилип жакшыртылды.

13474187_831305943671562_1549315672_n 13474255_831305937004896_718049414_n 13479661_831306023671554_1560934358_n 13479775_831306000338223_1665858900_n 13480007_831305960338227_665330361_n 13480207_831306010338222_138610411_n 13487455_831305940338229_1828823447_n 13492817_831305933671563_936661794_n 13510720_831305963671560_165139140_n

Be Sociable, Share!

Comments are closed.