таш добо мектеп (1)Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы 225 орундуу жаңы мектептин пайдубалынын капсуласы салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөтүнөн Айбек Нуркожо уулу билдирди.

Анын маалыматында, капсула салуу иш-чарасына ЖК Депутаты Автандил Кулбараков, мамлекеттик ишмер Дамира Ниязалиева, ардактуу атуул Адыл Исагулов, район акими Адыл Сапаров жана жергиликтүү тургундар, курулушчулар катышты.

Мектеп мамлекеттик ишмер Д.Ниязалиеванын көмөгү аркылуу, өлкөнүн 100 пилоттук тутумуна кирип, «Жер үй» алтын кенинин эсебинен 60 млн сомго курулуп баштаган. Мектепке кошумча спорт залы кошо курулат. Алгачкы аралашмасы куюлуп пайдубалы түптөлдү, мектеп күз айында пайдаланууга берилет.

таш добо мектеп (2) таш добо мектеп (4) таш добо мектеп (5) таш добо мектеп (6) таш добо мектеп (7) таш добо мектеп (8) таш добо мектеп (9)

Be Sociable, Share!

Comments are closed.