IMG_6535Нарын облусунун Жумгал районунун Жаңы-Арык айылындагы Рысаалы Солтонбеков атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын капсуласы салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Ага, мамлекеттик ишмер Дамира Ниязалиева, район акими Адыл Сапаров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Кыдыралиев жана мектепке аты берилген Рысаалы Солтонбековдун уул, кыздары менен айыл тургундары катышты. 

Меймандарга сөз берилип, жаңы мектептин пайдубула ийгиликтүү курулуп келерки жылы пайдаланууга берилиши айтылып, каалоо тилектер жолдонду.

Мектеп директору Рита Баялиева, бул мектептин эски корпусу 1994-жылдын 1-октябрында 11 жылдык бүтүрүүчү мектеби болуп уюштурулуп, ага Рысаалы Солтонбековдун ысымы берилгенин камтыды.

«1994-жылы мектеп курулуп пайдаланууга берилип, анда алгачкы ирет 268 окуучу 3 класс комплект, 13 мугалим эмгектенип баштаган. Учурда 300дөн ашык окуучу билим алып, 37 мугалим эмгектенип, анын ичинен 10 мугалим эл агартуунун мыктысы болууга жетишкен. Мурда мектеп ашар жолу 150 окуучу окуй турган 850 миң сомдук болуп курулган», — деди Р.Баялиева

Маалымат катары айтсак, жаңы мектептин курулушуна жалпы 59 млн со жумшалат. Мектептин курулушун «Оргтехстрой» ЖСКсы колго алган. Мектеп 2-кабаттуу, спорт залы менен кошулуп 2017-жылдын 3 кварталында пайдаланууга берилет.

IMG_6461 IMG_6464 IMG_6466 IMG_6469 IMG_6474 IMG_6478 IMG_6490 IMG_6519 IMG_6521 IMG_6528 IMG_6530 IMG_6533 IMG_6535 IMG_6542 IMG_6545 IMG_6551 IMG_6554 IMG_6558 IMG_6560 IMG_6563

Be Sociable, Share!

Comments are closed.