13233427_815877778547712_53460305_nНарын облусунун Жумгал районунунда бүгүн, 19-майда Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы мектеп гимназиясында мектеп окуучуларына өрт өчүрүүчү унаасы менен өрттү кантип өчүрүү жагы көрсөтүлүп, окуучулар машыгуудан өтүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук өрткө каршы кызматынын жетекчинин орун басары Уланбек Мокенов билдирди.

Анын маалыматында, КР Өкмөтүнүн 1994-жылдын 19-декабрындагы №886 токтомунун негизинде жана КР Билим берүү министрлиги менен ӨКМдин 2004-жылдын 15-октябрындагы №669 буйругунун негизинде Нарын облустук өрткө кашы башкармалыктын 2016-жылдын 1-мартындагы №22 буйругуна ылайык окуучулар арасында түшүндүрүү жана өрттүн алдын алуу, сак болуу тартиптери көрсөтүлгөн.

Ошону менен бирге өрт каршы мамлекеттик кызматынын 90 жылдыгына карата алдын ала ар кыл багытта иш чаралар өтүп келет.

13235719_815877755214381_1507060460_n 13235758_815877885214368_451004880_n 13245958_815877945214362_660429478_n 13249433_815877865214370_309691705_n 13249521_815877751881048_2122407470_n (1)

Be Sociable, Share!

Comments are closed.