Сайтка«Жаштар ишке бел байласа, карылыкка аш тартылат» — демекчи Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Чолпонбек Субановдун районго кичи инвестицияларды тартууда эмгеги зор. Бул тууралуу «Мыкты инсан» рубликасына райондук бийликте иштеп жаткан Чолпонбек тууралуу кеп кылмакчыбыз.

«Иш башталаарда таппаган байды, кедей келтирип бүтсө — байдын пайда болуп калганын көрөсүң» — дейт кыргызда. Анысынаары кылып жаткан карапайым эл арасында карапайымдай кызмат кылган инсандарыбыз арбын.

10933791_432987963515883_8587389350299629439_nКаарманыбыз тууралуу айтсак: Субанов Чолпонбек Мээримбекович 1987-жылы 22-сентябрда Жумгал районунун Чаек айылында туулгам. 1994-жылы Т.Турсунбаева атындагы орто мекетебине кирип 2005-жылы аяктаган. Андан соң 2005-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кырыгыз улуттук университетинин Юридикалык факультетине тапшырып, аталган университетти 2010-жылы бүтүрүп толук «Юрист» кесибинин ээси болгон. Ошону менен катар кошумча 2013-жылы Муса Рыскулов атындагы  Кыргыз Экономика университетине тапшырып 2015-жылы аяктап «Экономист» кесибине ээ болгон.

Каарманыбыз болочоктогу 2 кесиптин ээси. Азыркы учурда Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын Өнөр жай, транспорт жана экономиканы өнүктүрүү бөлүмүндө башкы адис болуп 2014-жылдан бери иштеп келет. Кызматы жалаң өнөр-жай жана инвестицияларды тартып келүү, экономиканы көтөрүү болгондуктан талыкпай эмгектенип келгенин жашырбасак да белгилүү.

10348607_450247721789907_6041664712658273069_nЧолпонбек, мырза айтсаңыз районго инвестиция тартуу бөлүмүндө иш алып барат экенсиз. Долбоор жазууну максат кылгандар сизге кайрылышабы?

Ооба, районго инвестиция тартууда чет элдик жана республика ичиндеги инвесторлорго долбоор жазууну каалаган баардык жарандарга сунуш, багыт берүү инвестор табууда көмөктөшү жагын карайбыз. Донор тарабынан жактырылган долбоордун максаттуу иштетип кетишине көмөк көрсөтүү биздин жергиликтүү бийликте өткөрүлөт.

Акыркы 1 жыл ичинде канча инвестиция тартылды, долбоорлордун санын айта аласызбы?

2014-2015-жылдар ичинде Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын экономика бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирдикте 200дөн ашык долбоор жазылып анын ичиненн 70тен ашык долбоор ишке кирди. Долбоорлордун ичинде чакан жана орто бизнести өнүктүрүү багытында долбоорлор. Райондо ийгилике жетишкен долборлордун бири бул Жаңы-Арык айылында инкубация цехи, пескоблок чыгаруучу цех менен күнөскана жана башкалар.

10449511_403906166424063_3759410754633056631_nАл эми социалдык маанидеги долбоорлор ишке аштыбы?

Социалдык багытта долбоорлордон район ичиндеги таза суу түтүктөрүн кеңейтүү кошумча куймасын куруу, койдун жүнүн кыркуучу аппарат алуу менен трансформаторлорду тартып келип орнотуусу долбоорлору, муниципалдык кийим тигүүчү цехтер ачылып ишке кирди. Ошондой эле ирригация тармагы кичи БСР (суу сактагычтар) оңдоп түзөөдөн өткөрүлдү.

Негизинен долбоорлорду каржылоодо ПРООН уюмунун «Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү» программасы ишке ашырды окшойт?

Туур айттыңыз, ПРООНдун каржылоосунда ушул долбоорлор ишке ашып, айыл жеринде кичи ишканалар ишке берилди. Азыр Кыргыз-Орус мамилесинен улам жана кризистик көйгөйлөрдөн долбоорлорун каржылоо убактылуу токтотту.  Бирок ПРООНдун өкүлдөрү менен сүйлошүүлөр жүрүп жатат.

11745948_517985795016099_4587986345739821043_nДагы башка кандай долбоорлорду жазалы деп жатасыздар?. Башка дагы бейөкмөт уюмдар барбы, сиздер менен иштеше турган?

Ай чарба техникаларын алуу боюнча сунуштар берилип жатат. Андан тышкары районго инвестиция тартуу максатында Жумгалда бизнес форум өткөн жатат Германия эл аралык кызматташтыгы GIZ менен бирдикте. Ишкерлердин ишин өркүндөтүү жана токтоп турган ишканаларды ишке кигизүү максатында.

Азыркы район жаштарына болгон көз карашыңыз?

Жумгал жаштарына болгон көз карашым түз. Жаштар арасында талантуу китепти, билимди сүйгөн жаштарыбыз көп. Ошол талантуу жаштарыбыз жергиликтүү бийлике жетекчилике келишсе районубуз дагы да болсо алдыга өнүкмөк жана көптөгөн чоң ийгиликтерге жетебиз деген үмүт бар.

11044613_450261015121911_6417854154510187030_nКанча бир туугансыз, үй-бүлөөдө кандай адамсыз?

Мен өзүм 4 бир тууганмын эжем Нургүль, агам Жылдызбек, иним Турсунбек. Атам Мээримбек, апам Айгүл учурда жеке ишкерлик менен алектенишет. Үй-бүлөөдө эркемин, бирок баардыгын түшүнүү менен кабыл алып, баардыгына бирдей мамиле кылуум менин бир өзгөчөлүгүм.

Качан жеке жашоого өргөртүү киргизесиз? Качан жеңелүү кылайын деген оюңуз бар?

Буюрса ушул жылы үйлөнөм.

11041822_450261938455152_5764215059562236589_nЖумгал элине болгон каалооңуз?

Жумгал элине кааларым алдыга умтулуу, өнүгүү айылдарыбыз өнүгө берсин. Айыл өнүксө район, облус жана республика өнүгөт.

Маегиңизге рахмат. Ишиңизге албан-албан ийгиликтерди кааламакчыбыз.

Маектешкен: Мирбек Асаналиев

11745948_517985795016099_4587986345739821043_n 10348607_450247721789907_6041664712658273069_n

Be Sociable, Share!

Comments are closed.