IMG_4150Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылынын 84 жаштагы тургуну, пенсионер Чекин Турдалиева баласы Асек Сыдыгалиевдин өлүмү мурдагы курулуш ишканасына тиешелүү жатакананын айланасында чыккан чырдан улам болгондугун айтып берди.

Ч.Турдалиеванын айтымында, А.Сыдыгалиев аталган коомдук жатаканада 1970-жылдан бери жашап келген. Анын атасы өмүр бою курулуш ишканасынын жыгач тилүү тармагында иштеген.

А.Сыдыгалиев жатакананы менчиктештирүү боюнча көптөгөн инстанцияларга кайрылган.

«Асекти мен бала кезинен багып алгам, өзүнчө үй-бүлө болгондон кийин үйгө келип, кетип жүрчү. Жатакана 100 миң сомго сатылып кеткенден кийин, аны «Көкө-Мерен» ЖАКтын жетекчиси Бакин Чыналиев менен Жумгал РИИБдин башчысы Шахтербек Токсонбаевдер жатаканадан чыгууга мажбурлаган. Көз жумардан бир күн мурун келип, Б.Чыналиев аны жүрөк тушка урганын айткан», — деди Ч.Турдалиева.

Ал эми жатаканада жашаган жергиликтүү тургундар Жумгал РИИБдин жетекчиси Кызыл-Жылдыз айылына жаңы салып жаткан үйдүн курулушуна жатаканын курулуш каражаттарын колдонууда деген нааразычылыгын билдирген.

IMG_4171Мындан улам биздин чыгармачылык топ курулуп жаткан турак жай менен таанышып кайтты.

Кабарчынын маалыматында айтылгандай, курулуштун ичине колдонулган жыгач каражаттары гана жатакананын айрым жыгачтарына окшош. Калган курулуш каражаттарынын бары жаңы экендиги көрүнүп турат.

Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын башчысы Бектур Кыдырмаев 2006-2007-жылдары Чаек, Кызыл-Жылдыз айылынын 100дөн ашык тургундарына ушул аймактан жер тилкелери берилгенин билдирди.

Ал эми Шахтербек Токсонбаев бул турак жайдын курулушуна жатакананын курулуш каражаттары колдонулбаганын, аны бир туугандары менен чогуу куруп жатканын кошумчалады.

Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүп келет.

Тема боюнча: Жумгалдагы жатакана чыры: Мага 100 миң сом беришсе жатакананы тургундарга кайтарып берем , — ээси

IMG_3821 IMG_3823 IMG_3802 IMG_3821 Ровд Нач МСО БакинIMG_4169IMG_4171IMG_4165IMG_4162

Be Sociable, Share!

Comments are closed.