MVI_4068_x264[17-12-59]Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылынын 84 жаштагы тургуну, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, маданияттын мыкты кызматкери Шарипа Исабекова президент А.Атамбаевге интернет аркылуу кайрылуу жолдоду.

Менин кайрылуумду өлкө башчысы угат деп үмүт кылам, деди ал .

«Мен өмүрүмдүн көп бөлүгүн Кыргызстандын, анын ичинен Нарын облусунун маданият тармагына арнадым. Андыктан Жумгал районундагы маданият тармагынын учурдагы абалы мени кейитип турат. Мындан улам мамлекет башчысына кайрылууну туура көрдүм», — деди Ш.Исабекова.

Ш.Исабекова 1932-жылы Жумгал районунда туулган. 1947-жылы 7-классты бүтүп, педогогикалык колледжден билим алган. Жумгал районунда маданиятты түптөгөн инсандардын бири катары эл арасында таанымал.

Жумгал районундагы маданият тармагында 1965-жылдан тартып эмгектенет.

Учурда 1 уул, 1 кыз, 6 небере, 4 чөбөрөнүн апасы.

Тема боюнча: Видео — Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, жумгалдык 84 жаштагы Ш.Исабекованын А.Атамбаевге кайрылуусу

Видео — Обращение заслуженного деятеля культуры КР, жительницы Жумгала Ш.Исабековой к президенту А.Атамбаеву

Be Sociable, Share!

Comments are closed.