Фото0352Нарын облусунун Жумгал районунун Жаңы-Арык айылындагы Айып Идинов атындагы орто мектебинин мындан 10 жыл мурда бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөрү айылдык кире беришине жол белгисин (арка) орнотуп беришти. Бул тууралуу аталган айылдын айыл өкмөт башчысы Кайырбек Кадиев билдирди деп кабарлады аймактык кабарчы.

Маалыматка карасак, А.Идинов атындагы  орто мектебин 2004-жылы бүтүргөн бүтүрүүчүлөрү М.Абдиев, У.Иманкадыров, Р.Баялиев, М.Какинов, А.Жумакожоев, А.Темирбаев, М.Акматов, Ж.Сатыбалдиев, Н.Төлөгөнов, Д.Эсеналиевтер  тарабынан жалпы 380 миң сомго жол белгиси орнотулуп берилген.

«Жыл сайын мурда бүтүрүп кеткен 10 жана 20 жылдыктар тарабынан айыл ичиндеги ички жолдор, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жакшы жүрүп келет. Окууну бүтүп кайрадан айылдарына келип,мектептерине келип эл менен жолугуп жатышкан бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап кетем» — деди айыл өкмөт башчысы К.Кадиев.

Фото0352 Фото0354 Фото0355

Be Sociable, Share!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.